«Оору күчөсө, циррозго алып келет». Акыйкатчы институту Равшан Жээнбековго байланыштуу райондук сотко кат жолдоду

Акыйкатчы институту Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясына кат жолдоду. Кайрылууга адвокат Замир Жоошевдин Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде кармалып жаткан Равшан Жээнбековдун кызыкчылыгы үчүн арызы  негиз болгон. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Бул арыздын негизинде Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү 28-октябрда Жээнбеков менен жолугушуу үчүн СИЗО-1ге барышкан. Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө ал ага карата баш коргоо чарасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн, медициналык текшерүүдөн өтүү жана дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кетүү жагдайларын кароо боюнча сотко өтүнүч кат жөнөтүлгөнүн билдирген.

«Жээнбековдун айтымында, «Цадмир» гепатологиялык борборунда текшерүүнүн жыйынтыгында ага боордун II, III даражадагы фиброзу диагнозу коюлган. Бул оору күчөсө, циррозго алып келет. Мындан тышкары, геппатит В вирусу деген өнөкөт оорусу бар жана учурда уролог, диетолог, невропатолог, гепатолог жана башка дарыгерлерден кошумча текшерүүлөрдөн өтүүсү зарыл. Андан соң врачтардын консилиум чечиминин негизинде ага туура дарылоо дайындалат», — деп айтылат маалыматта.

Бугай байланыштуу Акыйкатчы институту Конституциясынын 109-беренесин жана тиешелүү ченемдерин, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени жөнүндө» мыйзамынын 3, 8, 10-беренелерин жана 12-беренесинин 1-пункттарын жетекчиликке алуу менен  адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында, Жээнбековдун арызын кароодо жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алууну соттон өтүндү.