«Оорукана менен өлүккананын баарын карадык» дейт Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Бурулайдын апасы

Бишкекте Сайпидин кызы Бурулай изделип жатканын Свердлов РИИБден билдиришкен.

Маалыматка караганда, 14-мартта милицияга анын жолдошу кайрылып, 1992-жылы туулган жубайы ошол эле күнү саат 10:00 чамасында Бишкектеги үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Сайпидин кызы Бурулайдын апасы менен атасы өкмөт үйүнүн алдына чыгышып, президент Садыр Жапаровго кайрылышты. «Кызым Бурулай 14-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон жок болуп жатат. Свердлов РИИБге бердик, караган киши жок. Оорукана менен өлүкканалардын баарына бардык. Эч ким карабай жатат. Жардам бериңиз. Кызым, биз сени жакшы көрөбүз, кайда болсоң да кайтып кел», — деди апасы.

Анын 4 кичинекей баласы бар экени маалым болду.