«Ооз ачкандан кийин барганбыз». Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына эмне үчүн барганын айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 17-апрелде кечинде Бишкектеги көз микрохирургиясы ооруканасына барып, кезектеги чуу салганын анын жетекчиси Алмазбек Исманкулов журналисттерге билдирди. Анда министрдин саат 22:30да барганы, кароолчу менен милиция кызматкерин имараттын ичине камап койгону айтылган.

Саламаттыкты сактоо министри кеткенден кийин аны коштоп жүргөн күзөтчүлөр кайра келип эшикти ачып, имараттын ичиндеги адамдарды, анын ичинде милиция кызматкерин чыгарышкан. «90-жылдардын стилиндеги түнкү «визиттин» эмне кереги бар экенин билбейм. Ыйгарым укуктуу органдардан Бейшеналиевдин аракетине юридикалык баа берүүнү суранам», — деген Исманкулов. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги министр Алымкадыр Бейшеналиев менен байланышып, эмне үчүн мындай кадамга барганын сурадык. «Медиктер, биз, күнү-түнү иштейбиз. Биз аны имараттан 1 айдан бери чыксын деп жатабыз. Чыгып кетебиз дешип, ошол бойдон жүрүшөт. Өзүңөр билгендей, ал жакта курулуш жүрүп жатат. Алар тоскоолдук жаратышууда. Курулушчулар иштей албай жатышат. Баласы менен сүйлөштүм, «макул» деди. Мен ал жакка ооз ачкандан кийин бардым. Анан эмне ооз ачарда барыш керекпи? Бизге күнү-түнү иш. Анан аларга кайсы убакта барыш керек экен?» — деди министр.