Бишкекте жеке клиникада сакал эктирүү үчүн операция жасатып жаткан маалда 30 жаштагы хирург-флеболог Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон. Бул тууралуу SEREPTV телеканалына анын жакындары билдиришти. “Уулум сакал эктирем дегенде “жөн эле койбойсуңбу” дегем. Мынчалык оор операция экенин билген эмесмин. Артында жубайы, баласы калды. Тиешелүүлөр жазасын алсын” дейт маркумдун атасы.
«Элдос менин досум болчу. Жакындарына көңүл айтам. Кесиптеш болчубуз. Анализдердин жыйынтыгы менен операция жасалган. Чач көчүрүү учурунда жүрөгү токтоп калды. Тез жардам чакырып, 10 мүнөттөн кийин Тез жардам келди. Бизди милиция алып кетип, туугандары менен байланыша албай калдык. Бул процедураны 2 дарыгер, медайымдар менен чогуу жасаганбыз»,- деди Элдос Турсунбековго операция жасаган дарыгер.