Royal
SerepTV Logo

Операциядан кийин чарчап калган үч наристе. Министрлик маалымат берди

Операциядан кийин чарчап калган үч наристе. Министрлик маалымат берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, президенттин бардык тапшырмалары аткарылганын билдирди.

8-майда Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевге Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берген. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги кемчиликтер жоюлганын билдирди:

• Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.

• Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.

• Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.

• “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.

• Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.

"2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды", - деп айтылат маалыматта.