Орозайым Нарматованын эжеси: «Менин жападан жалгыз ушул бир тууганым калды. Башка менде эч ким жок»

16-ноябрда Бишкек шаардык соту экс-депутат Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын карап, буга чейинки чечимди өзгөртүүсүз калтырды. Жаш саясатчы 20-декабрга чейин СИЗО-1де камакта болот. Сотко келген Орозайым Нарматованын жакындары жана тарапташтары бийликке кайрылышты.

Экс-депутаттын эжесинин айтымында, анын сиңдиси Садыр Жапаровдун саясатын убагында колдоп келген. Өзү да кайын журт жагына анын китептерин таратып, колдоого чакырып келгенин айтты. «Эми ушул кичинекей кызды коррупционер же бийликти басып алгандай кылып алып келгенине бир тууган катары ыйлап турам. Менин жападан жалгыз ушул бир тууганым калды. Башка эч кимим жок. Жалгыз бир байкем бар болчу. Ал Кудайга керек болду. Кызды чыгарып койгула, атам оор абалда. Ишеним, дем берейин деп келдим. Адилеттүү соттор бар деп келдим», — деди ал.