Орозо айы 2-апрелде башталат

Орозо айы 2-апрелде башталат. Бул тууралуу Казакстандын муфтияты жарыя кылып, мындай бирдиктүү чечим Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын муфтийлери менен биргеликте чыгарылганы айтылат.

Кыргызстандын муфтияты буга чейин Орозо айынын башталышы тууралуу 28-мартта маалымат беришерин билдирген, бирок азырынча маалымат жарыялана элек.