Орозо учурунда сууга түшсө, өбүшүп учурашса болобу? Муфтияттын өкүлүнөн жооп

30 күндүк орозо кармоого дит койгон адам кандай парздарды, шарттарды жана эрежелерди аткаруусу керек? Орозо кимдерге сунушталбайт? Эмнеге уруксат берилип, эмнеге тыюу салынат? Орозо кайсы учурда бузулуп, кайсы учурда бузулбайт? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев жооп берди.

«Бассейнге түшүп, ваннага түшкөн болбойт. Себеби адамдын денесинде ооз, мурун, кулак сыяктуу тешиктер бар. Суу кирип кетүү коркунучу жаралат. Аларды алдын алуу менен душка түшсө болот», — деди ал.

Ал ошондой эле өбүшүп учурашуу болборун айтты. «Никеде болбогон аял менен эркекке мындай учурашуу болбойт. Никеде болгондо деле эл көзүнө өбүшүп учурашуу болбойт. Ал эми Орозо учурунда никедеги аялын өөп койсо да, орозо ачылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан мындан сактанышы керек. балдарды өпсө болот», — деди ал.