«Кант» аскер базасына чейинки 500 метрлик темир жол тилкеси орусиялык аскер темир жолчулар тарабынан калыбына келтирилет. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 500 метрдей темир жолду оңдоо, 400дөн ашык темир-бетон шпалдарды алмаштыруу жана 35 тонна рельс төшөө зарыл.
Орусиялык “Кант” аскер базасы 2003-жылы түзүлгөн, ал ЖККУнун Борбор Азия чөлкөмүнүн ыкчам жайгаштырылган күчтөрүнүн инфраструктурасынын бир бөлүгү болуп саналат. Базада жайгашкан күчтөрдүн милдети — Борбор Азиянын аба мейкиндигин көзөмөлдөө, ЖККУнун кургактагы күчтөрүнүн бөлүгүнө абадан колдоо көрсөтүү, Кыргызстандын аба чек араларынын коопсуздугун камсыздоо.