Орусияда эки кыргызстандыктын жумуш учурунда көз жумганы маалымдалды

Москванын түштүк-чыгышындагы коллектордон дайынсыз жоголгон үч адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, кырсык Люблино аймагында болгон. 13 жумушчу суу түтүгүн тазалап жатышкан. Шахтага түшкөндө нөшөрлөп жааган жаан айрымдарын агызып кеткен. 5 жумушчу коллектордон өзүлөрү чыккан. Ал эми 5 адамды куткаруучулар алып чыгышкан. 3 жумушчу каза болгон. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Тажикстандын жарандары болгон.