Орусияда көп кабаттуу үйдөн кулап көз жумган 19 жаштагы кыздын сөөгү мекенине жеткирилди
Орусиянын Казань шаарында 2002-жылы туулган кыз көп кабаттуу үйдөн кулап, көз жумган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кыз 2021-жылдын март айында апасы менен Москвадан Казанга барган. Окуяны Казань шаарынын Москва районунун тергөө органдары иликтеп жатат. Учурда өлүмдүн жагдайы иликтенүүдө. Элчилик Татарстандын укук коргоо органдары менен байланышта.
"Элчилик маркумдун апасы менен байланышта, ал кызынын өлүмү тууралуу массалык маалымат каражаттарына таратпоону суранды. Апасына маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүнүн тартиби боюнча кеңештер өз убагында берилди. Сөөк 5-декабрда Москва аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Этикалык нормаларды жана жеке адамдардын укуктарын сактоо максатында айрым фактылар ачыкка чыкпастыгын билдиребиз. Ушуга байланыштуу элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын, көпчүлүктүн көңүл буруу объектисине айланган жабырлануучулардын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого, ошондой эле адамдардын жана алардын жакындарынын кызыкчылыктарына таасир эткен маалыматтарды таркатпоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.