Орусияда Кыргыз куткаруучулары сыйланды (видео)

Орусиянын Оренбург облусунун вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандын атынан гуманитардык жардам жеткирип барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сергей Балыкин эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин тарыхына токтолуп, айрыкча кыргыз эли меймандос кыйынчылыкта жардамга кол сунууга дайым даяр турган чыныгы бир тууган, бекем кызматташтыктын үлгүсүн көрсөткөн эл катары баса белгиледи. Мындан сырткары «Жардам кербенинин» экинчи бөлүгү барган облустун Орск шаарынын башчысынын атынан ыраазычылык кат ӨКМдин кызматкерлерине жана жүк ташуучу унаанын айдоочуларына тапшырылды.