Орусияда медкароодон өтүшү керек болгон мигранттарга өзүнчө кирүү уюштурулду

19-февралдан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Сахаров көп функционалдуу миграциялык борбордо өзүнчө кирүү уюштурулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул чара Кыргызстандын жарандарына узун кезекти айланып өтүп Көп функционалдуу миграциялык борборго барууга мүмкүндүк берет.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Москвада медкароодон өтүшү керек болгон миңдеген мигранттардын кезекте турган сүрөтү жарыяланган.  Кийинчерээк элчилик Орусияга нота жөнөткөн.