Орусияда ооз ачуу учурунда кармалган кыргызстандыктар тууралуу элчилик үн катты

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Социалдык тармактарда Москвада коомдук тамактануу жайларынын биринде ооз ачар убагында эмгек мигранттарынын, анын ичинде Кыргыз жарандарынын массалык түрдө кармалгандыгы тууралуу тарап жаткан маалыматка байланыштуу элчилик үн катты.

«Бул факты боюнча элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери Москванын Таган районунун ички иштер бөлүмүнө барды. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча, элчиликтин көмөгү менен кармалган бардык Кыргыз жарандары Орусиянын аймагынан административдик чыгаруу түрүндөгү административдик жаза колдонулбастан бошотулду. Ошол эле учурда, кармалгандардын тамак-ашсыз жана суусуз калганы тууралуу маалымат тастыкталган жок», — дешти.