Орусиядагы 14 Кыргыз жараны каза болгон жол кырсык. Жабыркагандардын бирөө мекенине жеткирилди

Орусиядагы 14 Кыргыз жараны каза болгон жол кырсыкта жаракат алган Абдисалам уулу Таалайбек мекенине жеткирилди. Бул тууралуу журналисттерге Төөлөс айыл өкмөт башчысы Адылбек Эшматов билдирди.

«Учурда абалы жакшы. Убактылуу коляскада отурат. Орусиядан Кызыл-Кыядагы ооруканага которулган. Операция жасалган. Учурда үйүндө»,- деди ал.

21-августта Орусияда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы ири жол кырсыгы катталган. Окуянын кесепетинен 16 адам каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргыз жараны, 3 Кыргыз жараны ооруканага жаткырылган. Ошол кырсыкта Абдисалам уулу Таалайбектин жубайы Диана Бекмурзаева каза болгон.