Орусиядагы 14 Кыргыз жараны каза болгон жол кырсык. ТИМ маркумдардын сөөгү Кыргызстанга качан жеткирилерин айтты

Тышкы иштер министрлигинен СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Орусиядагы кырсыкта каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү Кыргызстанга качан жеткирилерин айтышты.

Министрликтин маалыматы боюнча, сөөктөрдү алып чыгуу соттук-медициналык экспертизадан жана тергөө органдарынан сөөктөрдү алып чыгууга уруксат алгандан кийин уюштурулат.