Орусиядагы ишканада иштеген Кыргыз жарандарынан менингит аныкталган жок

Москва облусунда иштеген кыргызстандыктардан менингит оорусу тастыкталган жок. Бул тууралуу Роспотребнадзор билдирди.

Роспотребнадзор департаменттин адистери ишкананын кампасында санитардык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын толук комплексин, анын ичинде абаны дезинфекциялоону жүргүзгөнүн баса белгиледи. 28-ноябрда кампа комплексинин ондон ашык кызматкери инфекциялык менингитке шектелип ооруканага жаткырылган. Мекеме кызматкерлердин арасында SARS белгилери менен 15тен ашык адам аныкталып, алар дагы ооруканага жаткырылганын тактады.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусундагы «OZON» компаниясынын кампасында иштеген Кыргыз жарандарынын менингит менен жапырт ооруп жатканы боюнча үн каткан. Маалыматта 8 Кыргыз жараны менингит менен ооруп, ооруканага жаткырылганын маалымдаган.