Орусиядагы жол кырсык. Жаракат алгандардын абалында жакшы жакка жылыш бар

Кечээ, 25-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Ульянов облусунун губернатору Алексей Русских менен 21-августта катталган жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз жарандарын көрүү үчүн облустук медициналык жардамдын адистештирилген түрлөрүнүн клиникалык борборуна барды. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жооптуу дарыгерлер элчиге мекендештерди дарылоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бейтаптардын абалынын оң динамикасын жана алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешкен. Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырды. Каза болгондордун жакындарына убактылуу турак-жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилген.