Орусиядагы жол кырсыкта жабыркагандардын экөө жалпы палатага которулду. Бирөө жандандыруу бөлүмүндө

Орусиядагы жол кырсыкта жабыркаган Кыргыз жарандарына медициналык жардам көрсөтүү Ульянов облусунун саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучусунун өз көзөмөлүндө. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

«Жабыркагандар бардык керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Ошол эле учурда абалы жакшырганына байланыштуу жабырлануучулардын экөө жалпы палатага которулду, бирөө оң динамика менен жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ооруканага жаткырылгандар:
1. Айгүл Алибаева — 23.04.1981, Баткен шаары.
2. Бекназар уулу Сыймык — 18.06.2001, Баткен району, Сонгент айылы.
3. Абдусалим уулу Таалайбек — 13.11.1993, Ноокат району, Муркут айылы.