Кечээ, 11-майда Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгынын урматына арналган аскердик парадга катышкан Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти кайтып келди. Бул тууралуу Улуттук гвардиядан билдиришти.
«Аскердик контингентти Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов жана аскер кызматчылар тосуп алышты.
Ошондой эле, гвардиячылар Беларусь Республикасынын Минск шаарында болуп өткөн совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80-жылдыгынын урматына арналган аскердик парадга катышкан аскер кызматчыларын да тосуп алышты»,- деп айтылат маалыматта.