Орусиядагы таксист келин: «Кыргыз кызын саунадан алып кетип жатып жүрөгүм ооруду»

38 жаштагы Кызжибек Райымкулова 10 жылдан бери Санкт-Петербургда такси кызматында айдоочу болуп иштейт. Ал 2006-жылы жолдошунун аркасынан Орусияга келген. Кийин жолдошу менен ажырашып, ал жалгыз кызын багуу үчүн түркүн жумушта иштеп көргөнүн айтат.

Ал анын унаасына отурган кыргыз кыз тууралуу айтып берди. «Бир кыз унаага түштү. 1994-жылы туулганын айтты. Бир жигит чыгып, кызды салды. Саунадан алып кеттим. «Эмнеге ушундай жолго барасыңар?» десем, «эже, өзүңдүн ишиңди кыл» дегендей сөздөрдү айтты. Жүрөгүм ооруду. 

Тажаган күндөр болот. Ал учурда бизде акча төлөнгөн жол бар. Ал жерде саатына 140 чакырым ылдамдыкта айдаса болот. Унаа айдап, ыйлап алам. Кадимкидей жеңилдеп калам», — деди ал.