Орусиядан Кыргызстанга өткөн айда 15 жарандын сөөгү келди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейинки мезгилде Орусияда Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жасаган иштери тууралуу маалымат берди.

Берген маалыматында жазылгандай, элчилик Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн («Жүк-200») мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам көрсөткөнүн билдиришти. «Өз кезегинде мыйзамга ылайык, жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди», — деп айтылат маалыматта.