Орусияга уча тургандар ПЦР-тест тапшырышат. Республикалык штаб маалыматты тактады

Кечээ, 21-июнь күнү республикалык штаб ПЦР-тести жокко чыккан чет өлкөлөрдүн тизмесин жөнөткөн. Ага карабай учурда Москвага учуу үчүн ПЦР-тестти талап кылып жатат деген жарандар көп болууда. Аталган маселе боюнча республикалык штаб өз маалыматы боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүдөй тактоо киргизди.

«Орусияга учуу үчүн ПЦР-тест талап кылынат. Анткени Орусия жер транспортуна гана ПЦР-тестти жокко чыгарган. Ал эми башка жагдайда, мисалы, учак аркылуу барса, ПЦР-тест алынат. Бул Орусиянын талабы», — деп билдиришти республикалык штабдан.

Буга чейин республикалык штаб кыргызстандыктар ПЦР-тестсиз барган өлкөлөрдүн катарына Орусияны да кошкон.