Орусиялык блогер Кыргызстанды Түркиядан кем калбаган туристтик зона деп баа берди

Кыргызстанга келген орусиялык блогер өлкөгө Түркия, Сочи менен тең тайлашчу жер деген баа берди. Ал «TrueStory Travel» платформасына өзүнүн байкоолору менен бөлүшкөн.

Биринчи кезекте турист көгүлтүр Ысык-Көлгө суктанганын жашырган эмес. Анын айтымында, көл жээгиндеги инфраструктуралар (отель, ресторан жана оюн-зооктор) Түркия же Сочинин курортторуна тең атаандаш боло алат. Андан сырткары каалоочулар үчүн эч ким баспаган пляждар, көз жоосун алган кооз жаратылыш бар деген. «Кыргызстанга барыш үчүн орусиялыктарга чет элдик паспорт да керектелбейт. Бул да биз үчүн чоң артыкчылык», — деген ал.

Ошондой эле блогер өлкөдөгү чыгыш колоритине көңүлүн бурган. Жергиликтүү базарларды кыдырып, аны кызыктуу экскурсияга салыштырган. «Элдин басымдуу бөлүгү орус тилинде сүйлөйт. Анан да орус жарандарына жакшы мамиле кылышат. Ар кандай абалга туш болгондуктан бул нерсени ишенимдүү айта алам», — деп сөзүн жыйынтаган.

Кызыгы, турист дагы бир артыкчылык катары өлкөбүздөгү азык-түлүктүн бааларын айткан. Анын билдиришинче, Кыргызстанда Түркия, Сочиге караганда абдан эле арзанчылык.