Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаменти Орусиялык ковидге каршы “Спутник V” вакцинасынын Кыргызстандын аймагында катталгандыгын тастыктаган күбөлүк берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Мындай күбөлүктү ыйгаргандан кийин жакын арада калкты эмдөө үчүн вакцинаны өлкөгө алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт»,- деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Спутник V” вакцинасы Орусиялык Н.Ф.Гамалеи атындагы улуттук изилдөө борборунда иштелип чыгып, 2020-жылы расмий түрдө каттоодон өткөн.










