Abank july
SerepTV Logo

Орусиянын Хабаровск шаарындагы шайлоо тилкеси жабылды (сүрөт)

Орусиянын Хабаровск шаарындагы шайлоо тилкеси жабылды (сүрөт)
Орусиянын Хабаровск шаарында добуш берүү аягына чыкты. Дегенибиз, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө шайлоо тилкеси жабылды. Соцтармактарга аталган шайлоо тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыгы тарады. Анда шайлоо тилкесинде 247 шайлоочудан 111и добуш бергенин көрүүгө болот. Андагы жыйынтык боюнча, "Ата-Мекен" партиясы 23 добуш менен алдыга чыкканын, 22 добуш менен экинчи орунга "Бүтүн Кыргызстан" партиясы илингенин көрүүгө болот. Ал эми 18 добуш менен үчүнчү орунда "Ыйман Нуру" партиясы.