Орусиянын ТИМи: «Эки тарапта тең каза болгондор, жаракат алгандар бар. Көңүл айтабыз»

Орус тарап 16-сентябрга караган түнү кезектеги куралдуу тирешүүнүн натыйжасында кайрадан кескин курчуп кеткен кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууну тынчсыздануу менен байкоону улантууда. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«Тилекке каршы эки тарапта тең каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Буга байланыштуу алардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз. Биз эки тарапты тең кырдаалды саясий-дипломатиялык багытка өткөрүү үчүн чукул жана комплекстүү чараларды көрүүгө, эскалациялоо аракеттерин, ошондой эле үчүнчү тараптардын провокацияларын токтотууга чакырабыз.

Бишкек жана Дүйшөмбүдө бир нече жолу айтылгандай, чыр-чатактын негизги себеби кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бир катар тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин толук эместиги болуп саналат. Ушуга байланыштуу биз өнөктөштөрүбүз үчүн алгылыктуу болгон бардык жардамды көрсөтүүгө чын жүрөктөн даяр экенибизди ырастайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.