«Орустарды көргөндө жаман сөз айтпай эле койгулачы». Орус кызы мобилизациядан улам кыргызча кайрылды

Орусиядагы мобилизациядан улам орус кызы Кыргызстанда кабылган ыңгайсыз абалы тууралуу айтып берди.

«Орусиядагы мобилизациядан улам Кыргызстанга Орусиядан көп орус улутундагылар келип жатат. Алар албетте кыргыз тилин билбейт. Мен бүгүн дүкөндөн чыгып баратсам, артымдан кыргыз жигиттер жаман сөздөрдү айтты. Алар менин кебетеме, улутума тийшишти. Алар мени түшүнбөйт деп, кыргызча кыйкырып жатышты. Мен баарын түшүндүм, анткени кыргызча билем. Мен кыргыз тилди жакшы көрөм. Менин досторумдун баары кыргыз. Орустарды көргөндө жаман сөз айтпай эле койгулачы», — дейт кыз.