Милиция кызматкерлери тарабынан «Ош базарынын» аймагында уурулук кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
19-февралда Ленин РИИБге арыз менен аял киши кайрылып, ошол эле күнү саат 13:00 чамасында эркектердин 58 даана ич кийимин уурдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Арыздануучу 17 миң 400 сомдук чыгымга учураган. Факты катталып, Жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган жаран аныкталып, бөлүмгө жеткирилди. Ал соттун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Тергөө уланууда.










