Бүгүн, 10-февралда Бишкек мэриясы «Ош базарында» уруксатсыз, мыйзамсыз соода-сатык иштерин тартипке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүштү.
Анда мэриянын кызматкерлери башаламан соода жүргүзүп жаткан соодагерлерди кетирүү, иштерине бөгөт коюу максатында алардын столдорун алышкан. Бирок соодагерлер буюмдарын алууга каршы болушуп, мэрия аларды жумушсуз калтырып жатышканын айтып, ушундай жол менен алар жан сактаарын билдиришкен. Деген менен мэрия баары бир мындай башаламан соодаларга бөгөт коюуларын айтып, соодагерлердин столдорун күч менен тартып алышкан.
Мындан улам Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Алтынбек Маматов «Ош базарындагы» чарба жетекчилери менен жолуккан. Жолугушууда мыйзамсыз соода-сатыкты жоюу, соода орундарын иретке келтирүү жана башаламан соода менен алектенгендерди базардын ичине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү сүйлөшүлгөн.