«Ош базарындагы» мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүү иштери уланууда (видео)

«Ош базарындагы» мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүү иштерине ИИМдин кызматкерлери жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
— ИИМдин кызматкерлери Ленин районунун администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте «Ош базарынын» айланасындагы мыйзамсыз соода-сатыктарды иретке келтирүү максатында иш алып барышууда.
Кызматкерлерге ар күнү мыйзамдуулукту сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу жана кесиптик этиканын нормаларын сактоо боюнча нускамалар ѳткѳрүлүүдѳ.