Ош прокуратурасы кезексиз ипотекалык үй берүүсүн суранып мэрияга кайрылган документ жарыяланды. Прокуратура эмне дейт?

Социалдык тармактын колдонуучусу Гүлгакы Мамасалиева соцтармактагы баракчасына Ош прокуратурасы Ош мэриясына кезексиз ипотекалык үйдөн турак жай берүүсүн суранып кайрылган документти жарыялады.

Бул боюнча прокуратурага кайрылганыбызда, кайрылуу жөнөтүлгөнүн тастыкташты. «Ооба, Ош шаардык прокуратурасы үйгө муктаж болгон кызматкерлерге ипотекалык үй берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мыйзамда белгиленгендей, которуу жолу менен региондорго кызматка барган кызматкерлердин үй маселесин жергиликтүү бийлик карап бериши керек. Ошол мыйзамдын негизинде жазылган. Ал кат прокурордук талап эмес, жөн гана кайрылуу кат. Ош шаарындагы ипотекалык үйлөрдү атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрөт. Демек, прокуратуранын катын канааттандырышын же канаттандырбашын ошол комиссия чечет»,- дешти алар.