Ош шаары менен Кара-Сууда 35 адам таттуу токочтон ууланды. Анын жарымынан көбү балдар

Ош шаары менен Кара-Суу районунда 35 адам таттуу токочтон ууланды. Бул тууралуу кечээ, 2-майда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын профилактикасы департаменти маалымат таратты.

1-май күнү саат 18:33тө үч адам ооруканага тамак-аштан ууланып түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн, ал эми 2-майда дагы он беш киши бейтапканага кайрылган. Текшерүүдө уулануу 9 үй-бүлөдө болгону, баары 35 киши жабыркаганы аныкталган. Алардын ичинен 18и 14 жашка толо элек балдар. Бардык бейтапка медициналык жардам көрсөтүлүп, азыркы учурга карата алардын абалы жакшырып калды.

«Жабыркагандар шектүү азыкты жалпы жеген соң, уулануунун симптомдору (баш оору, алсыздык, кусуу, ич өтүү) пайда болгону аныкталган. Алар Кара-Суу районундагы «Сахобат» кондитердик цехи чыгарган таттуу токочту жешкен. Аны Ошто ооз ачар базарынан жана соода түйүндөрүнөн сатып алышкан. Таттуу токочторду сактоо шарттарын көзөмөлдөбөй сатышат», — деп жазылат маалыматта.

Кондитердик цехте пландуу эмес текшерүү жүргүзүлүп, анын ээсине 7500 сомго айып пул салынып, цехтин иши токтотулду. Соода түйүндөрүнөн аталган цех чыгарган азыктын миңге жакын кутусу алынды. Жабыркоочулардын анализинин негизинде лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Staphylococcus aureus (алтын сымал стафилокок) аныкталды.