Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, жаан-чачын учурунда калаа тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Шаардын ар кайсы кичи райондорунда эски иштебей калган скважиналарды калыбына келтирүү, жаңы скважиналарды бургулоо боюнча иш жүрүүдө. 12 скважина казылып бүтүп, толук ишке киргизилсе суткасына 25 миң кубометр таза суу чыгара алат. Ошондой эле, Озгур айылынын Кызыл-Кыштак тилкесинде катуу жаан-чачын болгондо селди кармап туруучу бассейндер курулду.