2 уул, 2 кыз. Ош шаарында 32 жаштагы аял 4 эм төрөдү

Ош шаарында биринчи жолу 4 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 2-майда Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу төрт эм төрөлдү. Пландуу түрдө операцияга алынган 32 жаштагы эне кесарево сечение жолу менен 2 кыз, 2 уул тапты:

1. Уул, салмагы — 1 килограмм 195 грамм;
2. Кыз, салмагы — 1 килограмм 60 грамм;
3. Кыз, салмагы — 1 килограмм 100 грамм;
4.  Уул, салмагы — 1 килограмм 130 грамм.

Төрөттү 14 дарыгерлер тобу кабыл алды. Бүгүнкү күндө эненин жана наристелердин абалдары жакшы. Эне наристелери менен үйгө чыгарылууга даярдалууда.

Жаш үй-бүлө Нариман айыл өкмөтүнүн Нурдор айылында жашайт. Замира менен Рустамдын мындан башка дагы эки уулу бар. Энесин чыдамсыздык менен жолдошу жана эки уулу күтүп жатышат», — деп жазылат маалыматта.