УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-августта ЖАМК кызматкерлерине 81 миллион сомдук атайын техника тапшырды.
«Түрмөлөрдө да тартип болушу зарыл. Эч кандай «смотрящий», «вор», «положенец» деген кылмыштуу идеологияны колдогондор болбошу керек. Бардык жарандар үчүн бирдей шарт түзүлүшү зарыл. Түрмөлөрдө киши өлтүрүү, кордоо жана басмырлоого жол берилбеши керек», — деди ал.











