Ош шаарында эки күндөн бери суу жоктугуна эл нааразы болууда. Мэрия эмне дейт?

Ош шаарында эки күндөн бери суу жоктугуна эл нааразы болууда. Шаар тургундары социалдык тармактагы баракчалары аркылуу бийликтен суу берүүнү талап кылып жазып жатышат. Алар «Ош шаар суу канал» ишканасы таза сууну эскертүүсүз өчүргөнүн билдирип, суу алып коюуга жетишпей калганын жүйө кылышууда. Таза суу берүү кечээ, 21-майда түнкү саат 03:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам токтотулган болчу.

Бул жагдай боюнча шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев түшүндүрмө таратты. «Кечээ күнү Папандан келген селден улам сууну өчүргөнбүз. Сел токтоп, түнкү саат 4тө суу бергенден кийин жарым саат өтпөй жамгыр жаап, Бозгур айылында сел жүрдү. Сууну берүүнү аргасыздан кайра токтоттук. Бирок 3 күн суу болбойт деген маалымат туура эмес. Ар жарым саатта суудан анализ алып жатабыз, жамгыр токтору менен кечке чейин суу берилет», — деди ал.

“Ош шаар суу канал” ишканасы тарабынан кайрылуулардын негизинде шаардын кичи райондоруна атайын унаа менен күнү-түнү таза суу жеткирилип жатат. Арызды төмөнкү байланыш телефондоруна калтырсаңыз болот: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105, 0559 057-307. «Чалуулар көп болгонунан өз учурунда жооп бербей калган учурлар да болуп жатат. Жаралган жагдай, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз!» — деп жазылат маалыматта.