Ушул жылдын июль айында мамлекет башчысы Ош шаарындагы таза суу үчүн төрт жаңы суу сактагычтын курулушу менен таанышып, түштүк борбордун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган. Ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Аларда жарандар үчүн ичүүчү таза суу топтолот. Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды. Азыр Ош шаарында ичүүчү суу маселеси чечилди. Долбоордун баасы 194 миллион сомду түзөт.
Президент Садыр Жапаров суу алуучу жайдын насостук станциясынын иши менен таанышып жатып, жаңы объектинин ишке берилгендигин канааттануу менен белгилеп, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси мамлекеттин стратегиялык милдеттеринин бири экенин, аны чечүү адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз таасирин тийгизерин ырастады. Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү суу маселеси курч бойдон калып келген. Эгерде мурда сел жана жамгыр учурунда ачык суу сактагычтын – Ак-Буура дарыясынын пайдаланылган суусу булгангандыктан, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, азыр бул маселе чечилди.