Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну Түркияга велосипед менен кетти (фото)

Ош шаарынын тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 5 мамлекеттен велосипед тээп өтмөкчү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан маалымдашты.
5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» үчүн шайтан араба менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Мамыт Таштановго Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлүп, ал 5 мамлекет: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения аркылуу Түркияга бармакчы. Иш-чаранын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.