Бүгүн, 2-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар, бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа тургундарын Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Мен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан жалпы мекендештерди майрам менен чын дилимден куттуктайм жана ар бир пендеге жакшылыктарды каалайм. Баарыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Орозо айт маарек болсун!” — деди мэр куттуктоо сөзүндө.
Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 13 миңден ашык адам катышты.
Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 8-мартка карата марш өткөрүүгө уруксат берүүнү суранды. «Биз алардан коркпойбуз да,...
4-мартта жарандарды мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык...
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Спорт агенттиги) Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган...
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 5-мартка караган түнү Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн Оман Султандыгы аркылуу...
"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат". Бул тууралуу...