Abank
SerepTV Logo

Ош-Төлөйкөн жолуна асфальт төшөлдү. Тротуары качан?

Ош-Төлөйкөн жолуна асфальт төшөлдү. Тротуары качан?
Ош-Төлөйкөн унаа жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Ош-Төлөйкөн унаа жолунда асфальт төшөө иштери ушул жылдын июнь айында башталган. Аталган унаа жолдун жалпы 5 чакырымына асфальт төшөө пландаштырылган, бүгүнкү күндө ал аяктады", - деп жазылат билдирүүдө. Министр жарыялаган посттун комментарий бөлүгүндө айрым колдонуучулары тротуары качан куруларын сурап кайрылышты.
width="265" height="476" frameborder="0" scrolling="no" allowfullscreen="allowfullscreen">