Алиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Батирдин ичинде 1 жашар бала болгон. Куткаруучулар тобу бекилип калган эшикти атайын шаймандар менен ачып, баланы апасына өткөрүп беришти. Бала медициналык жардамга муктаж эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары баланын жакындары менен профилактикалык баарлашуу өткөрүп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.
Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»
"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...










