Өзгөндө 13 жаштагы кыз бир аптадан бери дайынсыз болуп жатат

2-ноябрь күнү Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 29-октябрь күнү 13 жаштагы кызы Маматкалилова Диана Бакытбековна Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн келип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ичинде ак түстөгү спорттук кийим, астында кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү бут кийим (кроссовка).

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү арыкчырай, ак жүздүү, чачы кара түстө, узундугу 35-40 сантиметр, кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичине калы бар.

13 жаштагы Маматкалилова Диана Бакытбековна тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды суранабыз: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93.