Ошто 17 жаштагы Авазбек кызы Зарина 29-апрелден бери дайынсыз болуп жатат

Ошто Авазбек кызы Зарина дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 2005-жылы туулган тургуну Авазбек кызы Зарина 29-апрелде саат 15:30 чамасында Гүлчө айылынан чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык, чачы кара, көзү-кашы кара.

Кийген кийими: кызыл футболка, кара шым, жеңил бут кийим.

Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, (03234) 5-14-72, 0558 82-48-80, 0704 89-30-34 номурларына чалсаңыздар болот.