Ош шаарындагы борбордук аянтта Орто Азия, анын ичинде кыргызстандык мото сүйүүчүлөрдүн “Көчмөн жолу” аталышындагы мотосезондун ачылышына карата жүрүш болду. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын мотоклубдарынын 200гө жакын байкерлер катышып, өздөрүнүн мото башкаруу ыкмаларын көрсөтүп беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров өлкөдө мото-туризмдин өнүгүп жатканын белгилеп, катышуучуларга шаар бийлиги атынан ийгиликтерди каалады.