Ошто адашып кеткен 15 жаштагы өспүрүм ата-энесине өткөрүп берилди

Ош шаарынан 2007-жылы туулган өспүрүм адашып жүргөн жеринен табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИбден билдиришти.

Адашып калган баланын аты-жөнүн аныктоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде ал Ноокат районунун тургуну экендиги аныкталып, мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүп берилди.