Ошто «Акыркы коңгуроо» учурунда тартип бузуу болгон жок

Бүгүн, 9-июнь күнү Ошто «Акыркы коңгуроо» иш-чарасында тартип бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын аймактарындагы орто мектептериндеги «Акыркы коӊгуроо» салтанаттары тынч аяктады. Ош ШИИБинин кызматкерлери ар бир мектептерде болушуп, коомдук коопсуздуктун сакчылыгында болушту. Мугалимдердин, ата-энелердин, милициянын көзөмөлүндө өткөн иш-чара учурунда терс көрүнүштөр, тартип бузуулар катталган жок.

Учурда шаар аймагында кайгуул иштери күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Бүгүн жана жакынкы күндөр аралыгында Ош шаарынын кире беришинде атайын посттор иштейт, шаардагы эс алуучу, тамактануучу жайларга атайын рейддер уюштурулат.