Ошто дайынсыз болуп жаткан кыз кафеде иштеп жүргөн жеринен табылды

Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан 2003-жылы туулган Тешаева Зебона Абдурашитовна Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

18-апрель күнү Зебона Тешебаева Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп жүргөн жеринен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Нариман айылдык милиция бөлүмчөсүнө алынып келинип, апасына тапшырылган.