Ошто жаш түгөйлөр үлпөт тоюна 50 жетим баланы чакырып, белек берди (сүрөт)
Мансурбек Арибжанов менен Надиракан Кахраманжан кызынын үлпөт тоюна 50 жетим бала чакырылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Кара-Суу районунун Ташлак айылынын тургундары Мансурбек Арибжанов менен Надиракан Кахраманжан кызы баш кошуп, үлпөт тойго 50 дөн ашуун жетим бала ардактуу конок болду. Кеченин жүрүшүндө балдарга оюн-зоок уюштурулуп, сый-тамактар тартылып, белектер берилди. Үлпөткө Ташлак айылынын “Имам ата” мечитинин имам-хатиби Юсуфхан Ахматалиев катышты. “Той-аштарда негизинен багар-көрөрү жоктор унутулуп, көмүскөдө калып кетет эмеспи. Шакиртибиз Мансурбек өз тоюна жетимдерди чакырып, сыйлоону туура көрүптүр. Анын кылган ишин колдоп-кубаттайбыз жана бул демилге көптөгөн жаштарга үлгү болот деген үмүттөбүз”, – деди Юсуфхан Акматалиев.
Ак тойго жетим балдарды чакырып, көңүлдөрүн көтөрүүнү той ээси Мансурбек демилгелеген.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="141326,141327,141328"]