Ошто Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленди? (сүрөттөр)

Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 78 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Майрамдык салтанатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Орусиянын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишев, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Майрамдык иш-чара «Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюу, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен башталды. Акылбек Жапаров чогулгандардын баарын Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдиктери ар дайым биздин эсибизде сакталарын белгиледи.

Мындан тышкары, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен, активисттерден, шаар тургундарынан турган 12 миңге жакын адамдын катышуусунда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди эскерүү максатында «Түбөлүккө тирүү – түбөлүккө кызматта» аттуу ураандын астында «Өлбөс полк» жөө жүрүшү болду. Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 2 катышуучусу, 3 ооруктун каармандары бар.